Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте-1, Ош шаарында 4, Ош облусунда 5, Баткен облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 4 медик ооруп калды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты.