• Бейшемби 9 Бештин айы 2021

Бир суткада 77 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

17 ноября 2021 в 10:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 17-ноябрга карата коронавирус дагы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 23, Ош облусуна −7, Талас облусунда −2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 521 бейтап, амбулатордук түрдө 734 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 712 адам каза болду.

Количество просмотров: 55

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда