Бир суткада 9 бейтап коронавирустун кесепетинен көз жумду
Бир суткада 9 бейтап коронавирустун кесепетинен көз жумду
7 Теке 2021 10:56 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда бүгүн, 7-июлга караган суткада дагы 9 бейтап коронавирустун кесепетинен көз жумду, деп билдирди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Бишкек шаарында — 4;
Баткен облусунда — 2;
Жалал-Абад облусунда — 1;
Чүй облусунда — 2.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2063 бейтап каза тапкан.