• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бир суткада инфекциялык ооруканага 82 бала жаткырылды

4 Теке 202214:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасына кунунө жузөн ашуун жаш балдар келип түшүүдө. Саламатттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кайрылгандардын айрымдары ичеги-карын инфекциясы, айрымдары ОРВИ менен келишүүдө.

Ал эми Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин маалыматына ылайык ооруканага жаткырылган 82 баланын ичинен 23 учуру ичеги-карын инфекциясы.

Ал белгилегендей, ооруканада 393 бейтап дарыланса, алардын 30%ы ичеги-карын инфекциясы менен ооругандар.

Количество просмотров: 83