• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир сутканын ичинде жети өрт кырсыгы катталды

12 Тогуздун айы 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө жети өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү “Старт” кафе-барынын өзүнчө бөлмөдө жайгашкан беш чарчы метр электр калканы күйгөн.

Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Жол айылында жолдун жээгинде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү автоунаанын капоту күйүп кеткен. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Баткен облусунун Исфана шаарындагы борбор базарында дүкөндүн ичинде төрт чарчы метр газ балон күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 74