Бишкек. 20.07.2019. Govori. TV
Кара-Балтада поезддин астында калган жаран өзү боюн таштаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кара-Балта — Кайыңды жолунун 3718-чакырымында 40-45 жаштагы европа улутундагы эркек киши бүгүн саат 11:50лөр чамасында поездин алдына боюн таштаган.
«Машинист кабарлагандай, ошол райондун аймагында өлгөндөрдүн денесин ташуу боюнча ритуалдык агенттик жок, ошол себептен атайын топ Бишкектен чакырылган. Маркумдун өздүгү такталууда», — деп кабарлашты ведомстводон.