• Бейшемби 26 Жетинин айы 2020

Бир жума ичинде Бишкекте 63 мас айдоочу кармалган

9 ноября 2020 в 11:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарныда 30-октябрдан 5-ноябрга чейин 5 миң 396 жол эресин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жума ичинде 63 мас айдоочу кармалган.

Ошондой эле:

– Унаасынын айнектерин караңгылатып айдап жүргөндөр – 17;

– айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөндөр – 77;

– Башка жол эреже бузуулар – 5 миң 239.

Ошол эле учурда 376 унаа айып аянтчасына коюлган.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Количество просмотров: 33