Бир жума мурун Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
Бир жума мурун Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
20 Теке 2018 12:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын 1-Май районунда 13-июлда Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу жаш бала белгисиз себептерден улам чөгүп кеткен.
Маалыматта «20-июлда саат 10:53тө маркумдун жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районун Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылып (ошол аймактагы жашоочулары көрүшүп, сөөктү жээкке алып чыгышкан), жеринде атасы өздүгүн тактады»- деп жазылат.