• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир жумада 23,5 миң айдоочу жол эрежесин бузган

25 Баш оона 202511:25 Бишкек Govori.TV

18-августтан  24-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 502 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1006;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 273;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 180;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 805;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 215;
  • авто ээнбаштык – 41;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 841;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 18;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 997;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 126  унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 93