Өлкөдө бир жума ичинде 19 миң 814 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1086 унаа айып жайга коюлган.
Анын ичинен:
-279 адам мас абалында унаа башкарган;
-айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар 205;
-ылдамдыкты ашырып айдагандар 3139;
-жол белгилерине баш ийбеген 7 миң 362 айдоочу;
-транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы боюнча 7169 факты;
-жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн 734;
-тонировка үчүн 49;
-ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын айдоочу аткарбагандыгы үчүн — 16;
-автобейбаштык үчүн — 2.