Бир жуманын ичинде 3455 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын ичинен:
Мас абалында авто унаа башкаруу — 28 айдоочу;
Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 24;
Айдоочулук күбөлүгү жок авто унаа башкаруу — 27;
Коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар — 925;
Жасалма номур менен авто унаа башкаруу — 2;
Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 111;
Башка жол эрежелерин бузуулар — 2338 ;
447 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.