• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

26 Баш оона 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

26-августта жана 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-августта күндүз жана 29-30-августтарда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Количество просмотров: 5