• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

“Бири айтты, экинчиси кайттырды”. Чек аранын жабык каралышы нааразычылык жаратты

10 Тогуздун айы 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси жана акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу 9-октябрь күнү «Кабар» агенттигине маек берген. Анда Жапаров чек ара маселесин комитет жыйынында ачык карагыла деп буйрук бергенин айткан.

«Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем»,деп билдирген.

Ал эми бүгүн, 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору жабык карала турганын айтып, аны төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Бүгүн эч кандай ратификация өткөрүп жаткан жокпуз. Биз келишимдин долбоорун талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Бул жерде көптөгөн биздин документтер, карталар өзгөчө жашыруун карталар. Алардын бардыгын кол коюлганга чейин ачыкка чыгарганга биздин укугубуз жок. Ошондуктан камерага тарттырбастан депуттарга, журналисттерге айтып берели деп жатабыз. Президент менен эртең менен макулдаштык. Бул жерге жашыруун маалыматтарды алууга уруксаты жок журналисттер, коомдук инсандарыбыз отурат», — деди Ташиев.

Бул арада парламенттин айрым депутаттары наарызы болду. Алардын бири Мирлан Самыйкожо телефонсуз жыйынга кирүүдөн баш тартты.

«Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап койобу, анда кирбей эле койсун депутаттар»,- деди Самыйкожо.

Количество просмотров: 217