• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бири кем дүйнө…Көзү азиз кыздын Путин менен маектешүү тилеги ишке ашты

23 Бештин айы 2018 13:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин 17 жаштагы Регина Парпиева аттуу кыз менен маек курду.


Өлкө башчы менен көзү азиз кыздын маеги 20-декабрь күнү «Мени менен кыялдан» долбоорунун алкагында ишке ашты.


Россиядагы ыктыярчылар форумунда оорулуу балдар президентке кат жазып, балатыга илишкен. Алардын арасынан Путин бир нече катты тандап алып, балдардын кыялын ишке ашырды.


Нижний Новгороддо туулган Регина сегиз жашында оптикомиелит илдетине кабылып, көзү көрбөй калган. Дүйнөдө мындай илдетке 300дөй адам кабылса, анын ичинен отуздайы балдар.


Регина жилик чучугун алмаштырып, донордукун койдурган дүйнөдөгү жалгыз бала.


20 мүнөттүк маекте ал Владимир Путинден кантип өлкө башкарып калгандыгын, бул иштин түйшүгү тууралуу биле алды. Ошондой эле президенттин жаңы жылдык тилегин сурады.


Маектен кийин кыз президентке өз колу менен жасаган статуэтка белек кылса, Путин ага электрондук гаджет жана концертке чакыруу кагазын берди.

Булак: «Спутник» агенттиги

Количество просмотров: 31