• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Биримдик» партиясындагы талапкердин мечиттеги видеосу тарады

18 Аяк оона 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Чөнтөк телефонго түшүрүлгөн видео Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын мечитинде 11-сентябрда тартылганы кабарланды.

«Азаттык» Жураевдин өзү менен байланышканда ал Интернетте тарап жаткан тасма болжол менен жарым жыл мурдагы экенин, мечитке барып турарын, бирок үгүт башталганы бир да жолу чогулгандар алдына чыгып сүйлөбөгөнүн айтты.

Муфтият видеонун чоо-жайын такташ үчүн Баткен облусунун казысына тапшырма берилгенин маалымдады.

Буга чейин да Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы диний мекемелерде гана шайлоочулар менен жолугушууга уруксат жок экенин, калган жайларга тыюу салынбаганын буга чейин билдирген.

Муфтият диний ишмерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырган билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 261