• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бир нече жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду

25 Жалган куран 20238:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин коллегиянын чечими менен кол алдындагы өздүк курамга көзөмөлүнүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:

— Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Мирлан Ниязалиев;

— Биринчи май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев;

— Биринчи май РИИБдин начальнигинин кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев;

— Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов;

— Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын биринчи жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи май РИИБнин кызматкерлерин кармаган.

Количество просмотров: 84