• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Биринчи май райондук соту Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун карайт

19 Баш оона 201910:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча жактоочусунун арызын карайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-августка белгиленген соттук отурум прокурор материал менен таанышып чыгууну өтүнгөндүктөн жана тергөөчү келбей калгандыктан бүгүнкүгө жылган.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, ага бир катар оор кылмыштар боюнча айыптар тагылган.

Количество просмотров: 14