Биринчи май райондук сотунда Илмияновдун бөгөт чарасы каралууда
Биринчи май райондук сотунда Илмияновдун бөгөт чарасы каралууда
20 Тогуздун айы 2018 15:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.10.2018.Govori.TV.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун бөгөт чарасы каралып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
Сот жабык өтүп жаткандыгына байланыштуу, ага журналисттер киргизилген жок. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сыртта турат. Илмияновдун жактоочусу болуп Сергей Слесарев дайындалды. Ишти Айбек Эрнис уулу карап жатат. Сотко мамлекет тарабынан дайындалган адвокат катышууда, бирок анын аты-жөнү азырынча белгисиз.
Биринчи май райондук соту 18-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын кеңешчилеринин бири Икрамжан Илмияновго сыртынан айып таккан. Өздүк булактардагы маалыматка ылайык ал президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде бизнесменден 150 миң АКШ доллар пара алганы үчүн айыпталган.