Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Бишкек — Анталья каттамы боюнча уча турган жүргүнчүлөр жети саат убакыт күткөндөн кийин 17:32де “Манас” аба майданынан учуп кетишти. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, учактын ичинде 157 жүргүнчү болгон. Ал эми 6 жүргүнчү көпкө күтүп калгандыгына байланыштуу учуудан баш тарткан.
Эске салсак, Avia Traffic авиакомпаниясы каттам техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кармалган. Негизи учак таңкы саат алтыда учмак. Бирок саат 15.00го жылдырылган.