• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек АШКсы айрым шайлоо тилкелериндеги референдумдун добуштарын кайра санады

21 Чын куран 2021 13:28 Бишкек Govori.TV

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 20-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумундагы (жалпы элдик добуш берүү) берилген добуштарды №1028,1029,1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо участокторунда кайра саноону чечкен чечим кабыл алды.

Кайра саноонун натыйжасында, Бишкек АШКсында берилген добуштардын саны протоколдорду өзгөрүүсүз бекитти, анткени техникалык каталар добуш берүүнүн натыйжаларына таасирин тийгизген эмес.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өттү. Ага жалпы тизмедеги шайлоочулардын 37% катышканын Боршайком кабарлаган. Анын ичинен 79% Конституциянын жаңы редакциясын колдоп добуш беришкен.

Количество просмотров: 124