• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Бишкек башкы архитектура” мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

1 Теке 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

“Бишкек башкы архитектура” мекемесинин мурдагы жетекчиси А.К.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

А.К.К. “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксаат берген.

Ал курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып, жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштар курулган. Ошондой эле “Бишкек башкы архитектура” мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган, А.К.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 523