• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси камалды

9 Тогуздун айы 202311:11 Бишкек Govori.TV

«Бишкек башкы архитектура» мекемесинин директору Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бишкек башкы архитектурасынын директору Урмат Карыбаев кармалганы 6-октябрда белгилүү болгон. Ал жерди мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Кошумчалай кетсек, Урмат Карыбаев борбор калаанын башкы архитектору болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Количество просмотров: 266