• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек бийлигин терракт менен кимдер коркутту?

2 Бугу 2018 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.05. 2018. Govori. TV

“Эгер биздин эжебиз Мукарам Токтогулованы бошотпосоңор, анда Бишкекте көп кан төгүлөт. Бишкек бийлигине аны тез арада койо бергиле деген ультуматум коебуз”. Ушундай сөздөр менен козголгон 1,25 мүнөттүк тасма бүгүн Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Анда өзүн “Ислам Мамлекети” уюмунан деп тааныштарган беткапчан адам Муккарам Токтогулова аттуу айымды тез арада бошоттпосо, Бишкектеги азрыкы болуп жаткан нерселер чындыкка айланып, милиция эч нерсе кыла албай калаарын эскерткен.

Бирок, бул боюнча УКМК билдирүү таратып,  бул тасманын тараткандарды иликтеп жатканын билдирди.

“Мукарам Токтогулова атуу жаран укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө, анын ичинде УКМКнын байкоосуна түшкөн эмес. Анын кайсы бир укуктарынын чектелиши боюнча да маселе жаралбаган. Учурда анын чет өлкөдө иш сапарада экени аныкталды. Андыктан, белгисиз адамдардын М. Токтогулованын Бишкектен чыгышы боюнча талаптары жөнсүз”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Эске сала кетсек, Мукарам Токтогулова аттуу айым Кыргызстандагы Борбор Азиялык Америка Университетинин окутуучусу, дин изилдөөчү экени анык. Ошондой эле жакынкы учурларда эле Бишкекте кайсы бир имаратка бомба коюлганы тууралуу жалган телефондук чалуулар түшкөнү да маалым.

 

Количество просмотров: 29