Бүгүн, 29-мартта эртең мененки онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев акыркы суткадагы абал боюнча маалымат берди.
Ошондой эле комендант Бишкек шаарынын жашоочуларына кайрылуу жасады.
«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат. Эгер биз аң-сезимдүү болбосок коронавирус ар бирибизге жугушу мүмкүн. Өзгөчө ата-энелерин карап жаткан жарандар, аларды жалгыз калтырбаңыздар, жандарында балдары болушу керек. Коронавирустан эң биринчи кезекте кары адамдар жабыркайт», — деди ал.