• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бишкек комендатурасы: Борбордо түндө талап-тоноо фактылары катталган жок

11 Тогуздун айы 202013:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 10-11-октябрдын түнү тынч өттү. Бишкек комендатурасынын маалыматына караганда, мүлккө зыян келтирүү, талап-тоноо боюнча фактылар болгон жок.

Учурда комендатурада «сall-борбор» иштеп жатат. Ал аркылуу жарандардын кайрылуу-даттануулары кабыл алынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кырдаалга байланыштуу 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган.

Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болот. Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган.

Коменданттык саат учурунда аэропортко бара жаткан же ал жактан келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспорттору менен посттон өткөрүлөт.

Количество просмотров: 37