• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Бишкек: Үлпөт тойго чыккан кортеж инспекторду сүзүп качып кетти (видео)

17 Бештин айы 2017 22:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн болжол менен түшкү саат 13.00дө жол кырсыгы катталды. Бул туурасында милициядан билдиришкен.

Окуя Аалы Токомбаев (жаңы жол) жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда инспектор үлпөт тойго чыккан кортежди токтотууга аракет кылган. Бирок катуу келаткан Lexus LX470 унаасы аны сүзүп өтүп кеткен. “Перехват” планы жарыяланып артынан кууп жетпей калышкан. Бирок кийинчерээк шектүү жаран кармалган.

Жабырлануучуга Тез жардам чакыртылган. Инспектор жаракат алышы мүмкүн экендиги айтылат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Спутник

 

 

Количество просмотров: 7