Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында күн күркүрөп, түштүк-батыштан ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен каттуу шамал катталышы мүмкүн.
ӨКМ мындай учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.
Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз.