• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Министрлик: Бишкекте мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталды

19 Бугу 202214:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн комиссия Бишкекте косметологиялык ишмердүүлүк жүргүзгөн лицензиясы бар жана өз алдынча ачылган 63 мекемени текшерип, 27си мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган.

«Бул мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар мыйзамга ылайык жок кылынбайт жана жалпы таштанды челекке ыргытылат. Кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, мыйзамсыз иштеп жаткан 27 косметологиялык салондун 17си боюнча документтер укук коргоо органдарына берилип, 10 клиникага айып салынды.

Количество просмотров: 119