• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкек менен Оштун мэрлери качан шайланары айтылды

9 Баш оона 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоонун күнүн белгиледи. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, эки шаардын тең мэрлерин шайлоо 26-августка дайындалганы айтылган. Ал саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт. Эки мэрди шаардык кеңештердин депутаттары шайлайт.

Буга чейин борбор калаа менен Ош шаарынын мэрлеринин милдетин аткаруучулары дайындалган. Бишкекти Оштун мурдагы жетекчиси Таалайбек Сарыбашов башкара турган болсо, түштүк борборго президенттин иш башкармалыгынын башында турган Алмаз Мамбетов жиберилген.

Количество просмотров: 170