• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек мэри Британиянын элчиси менен жолукту

27 Аяк оона 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү багытта эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү, анын ичинде шаардын экологиялык көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Элчи 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Шотландиянын Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптар конференциясынын 26-сессиясы өтө турганын маалымдады.

Тараптар аталган иш-чаранын урматына веложүрүш уюштурууну жана ошону менен коомчулуктун көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө жана климаттын өзгөрүшүнө буруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бишкек мэри элчиге сапары жана кызматташтыкка даяр экендигине ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 75