• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалды

28 Тогуздун айы 2020 11:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы башчысы Даулет Досалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктагандай, Досалиев дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеп турган кезде жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алып, 2019-жылдагы спорттук иш-чаралардын календардык планына ылайык спортчуларды окуу-машыгууларга жөнөтүү боюнча жалган буйруктарды чыгарып, ири суммадагы бюджеттик каражаттарга ээ болгон.

Ошондой эле акча каражатынын сарпталышы боюнча, окуу-машыгууга барган спортчулар үчүн унаа, турак-жайларды ижарага алуу жана спортчуларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу жалган документтерди даярдаган фактылар аныкталды.

«Машыктыруучулар жана спортчулар жыл сайын Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн каражаттар тууралуу билишчү эмес», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Досалиевге Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү, 205-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту жана 3-бөлүгүнүн 2-пункту, ошондой эле 329-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгүнүн негизинде айып тагылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кечээ, 27-октябрда Досалиевди СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакта калтырды.

Тергөө уланууда.

Булак: barakelde.org.

Количество просмотров: 35