Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.
Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлагандай, жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан тарта «Кыргыз темир жолунун» кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандай баштайт.
«Самара — Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот», — деп министрликтен билдиришти.
Мындан сырткары, темир жол менен саякаттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндөйт.