• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 3 киши каза болду

31 Бугу 2018 10:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV 

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун боюндагы Сары-Булак айылында эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ауди 100 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Окуя болгон жерде 2 киши  1 аял  каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Алардын аты-жөнү такталууда.

Кырсык Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталды. Жаракат алгандар облустук ооруканага, каза болгон жарандар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Учурда аталган каргашалуу кырсык эмнеден  болгондугу  такталууда.

Количество просмотров: 49