• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкек —Нарын — Торугарт автожолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду (видео)

25 Тогуздун айы 201917:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек —Нарын — Торугарт автожолундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду, арасында өспүрүм бар. Бул тууралуу Чүй облустук Жол коопсузук кызматынын өкүлү Тимур Миршакиров билдирди.

Маалым болгондой кырсык бүгүн 25-октябрда, аталган автожолдун 34-чакырымында катталган.

“Кырсык тууралуу маалымат 16:40та келип түштү. “Тойота Камри” унаасынын айдоочусу баштыштан чыгышты көздөй баратып жол жээгине коопсуздук үчүн коюлган тосмо дубалды (бордьюр) сүзгөн. Кырсыктан 3 адам жеринде каза болуп, эки адам ооруканага жеткирилген”, – деди Миршакиров.

Аталган кырсыктын видеосун жолдон өтүп бараткан жүргүнчүлөр да тартып алышкан.

https://youtu.be/uu36dT4QpGU

Булак: reporter.kg

Количество просмотров: 47