• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы ишке кирди

10 Бештин айы 201912:22 Бишкек Govori.TV

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы кабарлады.

Ишкананын билдирүүсүнө ылайык, «Бишкек-Новосибирск», «Новосибирск-Бишкек» поезд катамы 8-декабрдан тартып иштей баштаган. Эми Бишкектен Новосибирск шаарына чейин түз барып-келүүгө болот.

«Новосибирск Орусиянын чоң шаарларынын ичинен 3-орунду ээлеп эң ири темир жол байланышы бар шаар деп эсептелинет. Анда Орусиянын бардык шаарларына поезд каттамдары бар. Демек, жарандар андан ары каалаган шаарга поезд менен жетип алууга болот»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 105