• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек-Ош автожолунда карды атып түшүрүү иштери уланууда

21 Бирдин айы 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош автожолундагы тоолордун боорунан карды атып түшүрүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 20-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 (Итагар тилкеси), Ала-Бел ашуусундагы тоолордун үч тилкесинен жалпысынан 20 380 м3 кар түшүрүлдү.

ӨКМ жаз жакындап, күн жылымдаганына байланыштуу бийик тоолуу автоунаа жолдоруна кар көчкү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Ага ылайык, мындай жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталууга тийиш.

Количество просмотров: 54