Бишкек.30.03.2019.Govori.TV.
Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунан, Өтмөк (Талды Булак) ашуусунан саат 18.00дөн 31-марттын саат 06:00 чейин, ал эми “Арал” постунан 19.00дөн 31-марттын саат 6.00га чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМдие басма сөз кызматы билдирди.
» Бул иш-чара Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба-ырайынын натыйжасындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу болууда. Андыктан,Бишкек-Ош унаа жолунун убактылуу жабылышына түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз.
Бишкек-Ош жолунда мезгил мезгили менен туман болууда, жана кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралууда»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми “Сосновка”, “Арал” постторунда ӨКМ тарабынан жылынуучу жана ысык-тамак берилүүчү жайлар уюштурулган. Андыктан, аталган себептерден улам сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз. Маалымат алуу үчүн 112 кызматына байланышыңыз, чалуу акысыз.