• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолуна кайрадан чектөө киргизилди

23 Жалган куран 201817:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
2018-жылдын 23-мартынан тарта, аба ырайынын температурасынын жогорулап, көчкү түшүү коркунучунан улам, Бишкек — Ош автоунаа жолу  жабылат. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү коркунучуна байланыштуу 23-марттан тарта 27-мартка чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат»-дейт маалыматта. 
Андыктан, жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маалы алыскы сапарга чыкпоону эскертет.
Количество просмотров: 59