• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда 2 адам каза болуп, 7 адам жабыркады

29 Чын куран 202110:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында эки Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (С.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши, У.А. аттуу 49 жаштагы аял киши), 7 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Жерине ӨКМнын №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жолдо өткөн унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 174