• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкек — Ош унаа жолунда бир футболчу каза болду

22 Баш оона 201913:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

Бишкек — Ош унаа жолунда футболчулар келе жаткан микроавтобус кырсыктап, бир спортчу каза болду. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн «Лидер» клубунун футболчулары келе жаткан микроавтобус Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышты. Алдын ала маалымат боюнча, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус Оштон Бишкекке келе жаткан.

Окуя 22-августта, саат 7.00дөр чамасында трассанын 197-чакырымында, Өтмөк ашуусуна бурула берген жерде болгону айтылат.

«Академия-Лидер» командасы 21-августта Ош шаарында «Алай» командасы менен беттеш өткөрүп 1:3 эсебинде утулган. Команданын курамында 14 оюнчу болгон.

Количество просмотров: 13