• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда болгон кырсыкта 7 адам жабыркады

27 Жетинин айы 202013:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-ноябрда саат 05:49дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 аял киши жана 5 эркек киши жабыркаган (аты-жөнү такталууда).

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 75