• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек-Ош унаа жолуна таш кулады (сүрөт)

19 Тогуздун айы 202215:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолуна таш түшүп, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бишкек — Ош унаа жолунун 425-чакырымында болжол менен 50 куб/метр таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган. Жерине куткаруучулар жана оор техника тартылып, аталган жол саат 15:13 бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо жумуштары уланууда.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыс жолго чыкка айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экендигин эскертет.

Количество просмотров: 487