• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкек – Ош унаа жолунда кыян жүрдү

28 Кулжа 202414:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол иштерин текшерүү үчүн Төө-Ашуу тарапка бара жаткан транспорт министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү.

«Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 246