• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолунда төрт адам жабыркап, бирөө каза болду

21 Баш оона 202013:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-августта катталган. АндаVolkswagen Passat жана BMW унаалары кагышып, өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жалын өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жаракат алып, бир адам (1967-жылы туулган киши) ооруканада көз жумган.

Количество просмотров: 279