• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркады

29 Теке 2019 13:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Бишкек-Ош унаа жолунда 28-июль күнү саат 16:38 чамасында “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жыйынтыгында 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатканы айтылды.

Количество просмотров: 26