9-октябрда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактылары жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Токтотулган каттамдар:
193-каттам Бишкек-Ош, убактысы — 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 9:50
197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00
198-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 13:50
205- каттам Бишкек-Ош, убактысы — 16:00
206-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 18:10
Учуулардын убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюлдук телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.