• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
сүрөттүн окуяга тийешеси жок

Бишкек—Ош жолунда 7 тонна лампа ташып бараткан унаа кулады

17 Бирдин айы 201812:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.02.2018.Govori.TV

Бишкек—Ош жолунун 420-чакырымында кечээ, 16-февралда жүк ташуучу унаа оодарылып кетти, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц Актрос» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 01kg 435 AВ) 7 тонна лампа ташып бара жаткан.

«Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Окуя болгон жерге саат 20:10до Кара-Көл шаарынын №94 өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулар тобу жана жүктөгүч унаа тартылды. Унааны тургузуу боюнча иштер аткарылып, бирок анын ичинде жүк болгондуктан көтөрүүгө мүмкүн болгон жок. Бүгүн автокран тартуу маселеси каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 158