• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолунда үч унаа кагышып, төрт киши мерт кетти

18 Баш оона 2019 21:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.08.2019.Govori.TV


Бүгүн, 18-августта Бишкек-Ош жол каттамында үч автоунаа кагышып, төрт киши каза таап, бирөө ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, «Хонда Торнеонун» башкарып бара жаткан айдоочу «Мазданы» сүзгөн. Жол тилкеден чыгып кеткен «Мазда» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарына кетип бараткан МАН үлгүсүндөгү май ташуучу автоунаанын алдына кирип кеткен.
«Каза болгон адамдардын баары «Мазда» автоунаасында болушкан. Кырсыкка «Хонда Торнеонун» айдоочусу себепкер болгон. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3