• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек — Ош жолунда кырсыктан 9 жаштагы бала каза болуп, 5 киши жабыркады

28 Баш оона 20209:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунда катталган кырсыктан 9 жаштагы бала каза болуп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Govori.TVга Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-август күнү эртең мененки саат 9:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 2011-жылы туулган бала ошол жерде каза болуп, жеңил унаанын айдоочусу жана башка 4 жүргүнчү ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 518