• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолунда кырсыктан айдоочу каза болуп, 10 киши жабыркады

1 Үчтүн айы 202223:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык болуп, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-январда «Бишкек-Ош» унаа жолунун Кара-Суу району тушунан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен «Субару Аутбек» унаасы кагышкан.

Кырсыктан 10 адам ар кандай жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Алардын үчөө Кыргызстандын жарандары болсо, жетөө Өзбекстандын жарандары болгон.

Жерине 4 куткаруучу барып, кыпчылып калып каза тапкан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын 2001-жылы туулган айдоочусун чыгарышкан.

Количество просмотров: 408